www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нетаньяху АКШнын Жакынкы Чыгыштагы лидерликти колго алганын кубаттады

Махабат Алымбекова 23-май 2017, 08:43

Дүйнө жүзүндө


Нетаньяху АКШнын Жакынкы Чыгыштагы лидерликти колго алганын кубаттады

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушуусунда алгачкы ирет аймактагы тынчтыкка жетишүү мүмкүндүктөрүн байкаганын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Иерусалимде өткөн биргелешкен маалымат жыйынында Нетаньяху Трамп менен тыгыз кызматташтыкта иштөөнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. "Жалпы коркунучтар душмандарды өнөктөштөргө айлантат", - деди Нетаньяху.

Өз кезегинде Трамп дагы Ирандын согуштук дараметин бекемдөөсүнөн кооптонгон араб өлкөлөрү менен Израилдин көз караштары жакындай баштаганын бир канча жолу белгиледи.

Маалымат жыйынында Нетаньяху АКШнын Иранга карата жасап жаткан саясатындагы өзгөрүүлөргө жогорку баасын берди. Ал ошондой эле Трамптын Сирияда химиялык куралдын пайдаланылышына каршы чыгуу чечимин кубаттай турганын кошумчалады.

"Биз туруксуз Жакынкы Чыгышта дуушар болуп жаткан коркунучтарга каршы туруу үчүн силер менен тыгыз кызматташабыз деген үмүттөмүн. Биргеликте биз Ирандын агрессивдүү амбицияларын токтотуп, анын өзөктүк куралга ээ мамлекет болуу аракетине тоскоолдук кыла алабыз", - деди Нетаньяху.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83