www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Меланья жолдошу Дональд Трамптын сунган колун түртүп салды

Махабат Алымбекова 23-май 2017, 18:30

Дүйнө жүзүндө


Меланья жолдошу Дональд Трамптын сунган колун түртүп салды

Жубайына сунган колу сууган Трамп ыңгайсыз абалда калды. АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Меланьяга колун сунса, ал кармабай койгон видео интернетке таркады. Бул тууралуу РИА Новости Newsweek порталына шилтеме берип жарыялады.

Окуя Трамптын Израилге расмий иш сапары менен барып, Тель-Авива аэропортуна конгондо болгон. Видеодо көрүнүп тургандай, Американын өлкө башчысы аялына колун көпкө чейин сунган. Алгач Меланья аны көрмөксөн болуп, кийин күйөөсүнүн колуна акырын түртүп койгон.

Ыңгайсыз абалда калган Трамп галстугун оңдоп кирген. Анткен менен басылма Дональд Трамптын үй-бүлөсүндө көйгөйлөр бар деп айтканга эч кандай негиз жок экендигин баса белгилеген.

Булак: sputnik.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83