www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улан Абдыкалыков, Чо-Сары-Ой айыл аймагынын башчысы: "Ысык-Көлдөн изилдөөчү топ, 1,5- 2 кылымдык кумараларды табышкан"

Гүлжан Шерипбаева 24-май 2017, 04:14

Коом


Улан Абдыкалыков, Чо-Сары-Ой айыл аймагынын башчысы: "Ысык-Көлдөн изилдөөчү топ, 1,5- 2 кылымдык кумараларды табышкан"

-Быйыл Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы боюнча 2017-жыл «Ыйман, адеп жана маданият» жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу силердин айыл аймакта кандай иш-чаралар өткөрүлдү?

-Негизи биздин: «Ыйманы бардын ырысы бар, ырысы бардын ынтымагы бар. Ынтымагы бардын жыйынтыгы бар» - деген урааныбыз менен алгылыктуу иштерди жүргүзүп келебиз. Чындыгында, көп жылдан бери маданият үйлөрүбүз иштебей туруп калбадыбы, быйыл ошолордун баарын калыбына келтирүү биздин планыбызда бар болчу. Айыл аймакта  5 айыл болгондуктан, алардын баардыгында Маданият  үйлөрүн жандандырып, алар менен тийиштүү деңгээлде иш алып баруу биздин максат болууда. Ушул жылы 260 миң сомго Чоң-Сары-Ойдогу Маданият үйүнүн чыгаруучу аппаратура сатылып алынды. Ошондой эле, Өрнөк айылындагы маданият үйүн толук ремонттон өткөрдүк. Ал эми, Сары-Ой айылында маданият үйү жок болгондуктан, мурдагы былтыр магазинди 600 миңге сатып алып, быйыл болсо, анын ремонтуна жергиликтүү бюджеттен 650 миң сом акча каражатын жумшадык. Анын терезелерин пластик терезелерге алмаштырдык.

-Маданият үйлөрүндө  кандай иш чаралардын өткөрүлүшү пландалууда?

-Жакында эле «Ыр кесе» уюштурулуп, «Тарых жана маданият» жылын улай  элдин арасында өнөрлүү  ырчы-чоорчу адамдарыбыз арбын экендиги бизди суктандырат. Мына ошол адамдар менен биригип, бизде «Көл ажары» деген аталышта ансамбль түзүлдү. Анын жетекчиси  элге таанымал болгон Асыл Орозобекова эжебиз жетектейт. Ансамбль 12-13 адамдан турат, негизи 30-60 жаштагы ар кандай  курактагы чыгармачыл адамдар.

-Былтыр академик Владимир Плоских башында турган  экспедиция келип, көлдүн ичинде табылгалар бар дешти эле, бул тууралуу эмнелерди  айта аласыз?

-Ооба, былтыр биздин айыл аймакта жайгашкан Бает айылында Россиядан изилдөөчүлөр келип, изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Анда  алардын айтуусунда ошол айылдын көлдүн жээгинде Темирландын топтоочу жайы б.а. резиденция сыяктуу жери болгон деген  божомолдорду чыгарышкан. Бирок, булардын иши абдан  тыкыр болгондуктан, алар баарын тактап туруп, анан бир тыянак чыгарышат экен. Аталган изилдөөчү топ кирпичтин  бүлүктөрүн, кумараларды табышкан. Кирпичти айта турган болсок, анын суу астында жаткандыгы 1,5- 2 кылым болгон экен. Бул дагы бир зор табылга десек болот.

-Таза суу боюнча эмнелерди айта аласыз. Айыл аймагында таза сууга суу эсептегичтерди койдурдуңар эле. Ал кандай иштеп жатат?

-Туура. Былтыр суу эсептегичтерди койдуртканбыз. Айыл аймакта 8 миңге жакын адам жашайт. Азыр элибиз сууну үнөмдөп пайдаланып жатат. Негизи сууну биз эки эле саат ичип калганбыз, чынын айтыш керек. Мурда эл сууну түшүнбөй эле, огородун сугарып, ашкере колдоно беришчү, азыркы учурда экономдоп калышты, анткени счётчик эсептей берет, бул болсо үй-бүлөөнүн бюджетине терс таасир тийгизет.  Азыр жашоо шарты өзгөрүп жатат. Жаңы технологиялар менен бирге жаңы приборлор келүүдө. Алардын баары суу менен иштөөү талашсыз. Ал эми жаңы чыккан нерселер сууну албетте үнөмдөгөн жагы бар.Суу эсептегичтерибиз абдан натыйжалуу иштеп жатат десек жаңылышпайбыз.

-Акыркы убактарда өлкөбүздө өзгөчө Түштүк  тарапта к\чк=, селдер жүрүп, оор жоготууга учурап жатабыз. Ал эми силердин айыл аймакта дамбаларды куруу жагы кандай абалда?

-Бизде баардык айылдарда дамбалар, тосмолор  курулган. Бирок негизи, Чоъ-Сары-Ой айылында жалпы кашардын, дамбанын жоктугунан улам, адыр кургак болуп, суу сиңбей калган. Бизде бир эле Өрнөкайылыбызда жок экен. Азыркы учурда долбоор жазылып жатат.  Аны сөзсүз түрдө колго алабыз. Бул боюнча атайын тендер өтөт,  аны Өкмөт өткөрөт. Кудай анын бетин ары кылсын, бизде жер титирөө, көчкүлөр жүрбөсө экен деген тилегим бар. Бул боюнча алгылыктуу  ишөө р  жүргүзүлөт деген ишеничтемин.

-Жазгы-талаа иштери айыл аймакта кандай жүргүзүлүп жатат?

-Биздин айыл өкмөтү Турак-жай коммуналдык чарба тутуму бар. Анда трактор сокосу менен, спецтехника (мусоровоз) сеялка, пресс-подборщик кыскасы трактордук цех бар. Эми дагы аракет кылып АРИС менен биргеликте иш алып баруудабыз. Баба-дыйкандардын түйшүгүн  жеңилдетүү максатында дагы сеялка, трактор, пресс-подборщик алалы деп турабыз. Бул ишке ашат деген ойдомун.

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге албан ийгиликтерди каалайбыз!

Жазгүл УРМАМБЕТОВА, NazarNews.kg

Ысык-Көл облусу


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83