www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды

Махабат Алымбекова 24-май 2017, 14:12

Коом


Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-майда Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 42-жыйынына катышуу үчүн келишкен КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен жылуу учурашып, аларды коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук көбүнчө атайын кызматтар биргелешкен ишмердигинин сапатына байланыштуу болоорун жана биргелешкен аракеттер менен гана азыркы кездин чакырыктарына жана коркунучтарына натыйжалуу каршы турууга болоорун белгиледи.

Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги жыйынына ийгилик жана жемиштүү иш каалады.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83