www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Акаевчи, Бакиевчи деп жамандап, кодулай берсек, ал тагдырга эртең эле Атамбаевчи дегендер да туш болуп калышы мүмкүн”

Гүлжан Шерипбаева 25-январь 2017, 18:45

Саясат


Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: “Акаевчи, Бакиевчи деп жамандап, кодулай берсек, ал тагдырга эртең эле Атамбаевчи дегендер да туш болуп калышы мүмкүн”

-Тынчтык мырза, Кыргызстанда орун алган авиа катастрофа  боюнча да президенттин дарегине түрдүү дооматтар айтылып жатат. Бири кеч көңүл айтты десе, экинчиси кырсык болгон жерге барган жок деп капа болуп,  дагы бири ал учактагы жүктүн президентке тиешеси бар экен деген нааразы пикирлерди айта башташты.  Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

-Биринчиден, президент кеч болсо да көңүл айтты. Жабыр тарткан үй-бүлөлөр кароосуз калган жок. Мамлекет тарабынан да, эл тарабынан да жардам берилип жатат. Президенттин кырсык болгон жерге барды, барбады деген кептерге маани бербейм.  Анткени, барбаганынын да белгилүү себептери бардыр... Айтайын дегеним, ал кырсык президентке деле оңой болгон жок. Мамлекет башчысын да кайгыртты. Ошон үчүн бул маселенин  тегерегинде саясат кылып, түрдүү пикирлерди айтып, президентти сындаганыбыз туура болбой калат.

-Жабыркагандарга жардам берүү мамлекет тарабынан дагы улантылабы же элден чогулган 19 миллион сом менен токтоп, калган чыгымды  Түркия компенсация төлөп берет деп коёбу?

-Учак кырсыгынан жабыр тартып, жакындарын жоготуп, кайгырып, үй-жайы талкаланып калган мекендештерибизге жардам токтотулбайт. Анткени, мамлекет жабыркагандарды өз карамагына алып, бардык маселелерин чечет. Элден айланса болот. Кырсыктан жабыр тарткандарга кол сунушту. Депутаттар да үч күндүк маянасын которушту. Мындай аракеттер ушуну менен эле токтоп калбайт. Бардык мамлекеттик кызматтарда болот деп ойлойм.

-Тынчтык мырза, Аида Салянова Елисеевдин адвокатына жан тартып, анын лицензиясын узартып бергенби же ал мыйзамдын алкагында иш кылганбы?

-Менин жеке оюмда адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот аныктайт. Менимче лицензиянын узартканы мыйзамдуу эле болгон. Айтайын дегеним, ал жерде Салянова мыйзамга каршы иш кылган эмес. Ошондой болсо да, бул маселе башкача айтканда,  Салянованын иши боюнча азыр тергөө иши жүрүп жатат. Кудай буюрса, Елисеевдин адвокатынын лицензиясын туура эле узарткан, мыйзамдын алкагында иш кылган деп табылат деп ойлойм.

Аида Жеңишбековнага Елисеевдин адвокатынын лицензиясын узартып койду деп доомат койгондор, ал адвокаттын башы неге КСДПнын шаардык кеңештеги шайлоосунда көрүнүп жатканын  эстеринен чыгарбашы керек.

-Эмне үчүн бүгүн Текебаевдин партиясы же болбосо бийликке каршы пикир айтып, ачуу сындаган адамдар тымызын куугунтукка туш болуп жатышат?

-Оппозиционер болгондон кийин фармалдуу болсо да бийликтегилер алардын тизгинин тартканга, басым кылып турганга аракет кылат. Ошон үчүн түрдүү дооматтарды коюп, алсыратайын дешет. Ошон үчүн ачык оппозиция болгондор ушундай кыйынчылыкка туш болуп турушат.

-Бийликтегилер өздөрү душман эсептеген адамдарды Бакиевдер менен байланышы бар деп каралоого аракет кылабы же оппозиция кайсыл бийлик келбесин бийликтегилер үчүн эл душмандарындай кабылданабы?

-Негизи бийликтегилер сыртын салган кишиге Бакиевдер менен мамилеси бар деп доомат коюп, аны болбогон шылтоо менен каралаганы туура эмес. Анткени, Бакиевдердин кеткенине быйыл 7 жылга жакындап калды. Ошон үчүн маселени ага, буга төңкөрүп, жоопкерчиликтен качпай эле учурунда  чечкенди үйрөнүшүбүз керек. Эгер биз мурунку бийликтегилерди Акаевчи, Бакиевчи деп жамандап, аларды эл душманындай кабылдап, кодулай берсек, ал тагдырга эртең эле Атамбаевчи дегендер да туш болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн ушул адаттан арылышыбыз керек.

Чынайым Кутманалиева, “Фабула”

  


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83