www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлмира Усубалиева: «Жетим балдар баа жеткис тажрыйба ала алышат»

Кызгалдак Жакыпова 29-май 2017, 11:11

Коом Кайрымдуулук


Гүлмира Усубалиева: «Жетим балдар баа жеткис тажрыйба ала алышат»

Бул тууралуу “Инклюзивдик каникулдар” долбоорунун координатору Гүлмира Усубалиева билдирди. Билдирүүгө караганда, “Я люблю Кыргызстан” жаштар кыймылы Ысык-Көлдүн жээгинде өлкөнүн бардык региондорун камтыган  мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаштар кыймылынын иш-аракеттерине тартуу  жана окуучулардын интеллектуалдык жана  чыгармачылыкты өнүктүрүүсүнө багытталган  “Инклюзивдик каникулдар” долбоорун ишке ашырып жатат. Балдар инновациялык жайкы эс алуу лагеринде тажрыйба жүзүндө инклюзивдик билим алуу жана биргеликте убакытты өткөрүүнү  илим, дебат, спорттук таймаштар, театралдык оюндар, кечки конкурстар аркылуу достук жана узак мөөнөттүү мамилелерди түзүү аркылуу баа жеткис тажрыйба ала алышат.

Лагердин программасында окуу планынан тышкары (профессионалдык студияларда билим алуу) эл аралык волонтёрлор менен тилди үйрөнүү, жашоодо керек болгон социалдык ыкмалар жана профессионалдык даярдыктар боюнча окуулар каралган. Инклюзивдик сменаны ийгиликтүү ишке ашырууда бардык насаатчылар жана студия чеберлери атайын даярдалган окуулардан өтүшөт.

Иштин жүрүшүндө инклюзивдик билим берүү  жана окутуу боюнча материалдар иштелип чыгат.  Долбоор бардык балдар үчүн сапаттуу билим берүүнү жана эс алууну сунуштайт. 

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңар болот: р/т.:+996 (312) 908804, с/т: +996 (772) 308103 –Гүлмира. E-mail:mdkyrgyzstan@gmail.com

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83