www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орозону эмне бузат?

Перизат Кутманалиева 29-май 2017, 17:23

Коом Илим Ден-соолук


Орозону эмне бузат?

Орозону эмне бузат?

• Атайылап бир нерсе жеш же ичиш

• Эрди катын жыныстык мамиле кылышы

• Атайын кусуу • Аялдардын этек кири (хайз) келиши

• Аялдардын төрөттөн кийинки каны (нифас) келиши

• Атайылап урук суюктугун чыгаруу – истинмаа (мастурбация,)

Аллах Таала айтты: “…Мына эми, аялдарыңар менен (түндө) кошула бергиле жана Аллах силерге жазган нерсени ниет кылгыла. Жана тээ таң мезгили келип, ак жип кара жиптен ажыраганы силерге анык билингенге чейин (б.а. түн бүтүп күндүн ак шооласы пайда болгонго чейин) жей бергиле, иче бергиле. Андан соң (саарлыктан) кийин орозону түн киргиче толук уланткыла.” (Куран, аль-Бакара 2:187)

Пайгамбарыбыз (САВ)айтты: «Эгер бирөөңөр, орозо экенин унутуп — ичип же жеп алса — орозосун уланта берсин (оозун ачып жибербесин). Аллах аны тойгузуптур»  (аль-Бухари, Фатх: 1933)

Байкабай оозуна бирдеме алып, кийин эстеп кетсе — дароо анысын оозунан чыгарып таштасын. Эгер унутуп жутуп же ичип алса да эч нерсе эмес. Бул үчүн орозосу бузулуп калбайт, орозосу туура эле болот, кийин каза же кафарат (штраф) төлөп бербейт. Ким убактысы келди деп оозун ачып жиберсе же саарлык бүтө элек деп тамактанып жатса — кийин билип калса — дароо токтотсун – бул ката кечирилет, орозосу дурус, каза жок.

Бирок билгенден кийин деле уланта берсе — бул күндүк орозосу бузулат.

Ким өзү каалабастан кузса — анын казасы жок (орозосу туура эле болот). Бирок атайылап кузса — бул күндүн орозосу бузулат, оозу ачылат, ошону менен эле бирге кечке чейин эч нерсе жебейт-ичпейт, бирок кийин ал күндүн казасын тутуп берет. (Имам Ахмаддан келген хадис)

Пайдаланылган адабият:  Имам Аш-Шауканий «Дурар аль-Бахия»  

Булак: "ИсламЖолу"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83