www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Нурмат Садыров “Торгоюмду” казак элинен уурдаганын жашырууда

Майрамбек Каримов 30-май 2017, 13:19

Маданият Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


ВИДЕО - Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Нурмат Садыров “Торгоюмду” казак элинен уурдаганын жашырууда

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз жылдыздуу ырчы мырза Нурмат Садыров жана анын аткаруусундагы “Торгоюм” аттуу ыр. Бул чыгарманы узак убакыт бою маркум Гүлзат Батырканова аткарып, калың элге татыктуу жеткизген. Ырдын авторлору- Рыскулбек Турсуналиев жана Советбек Урматбеков. Ал эми эски чыгарманы 2015-жылдын күз айларында Нурмат жаңы көйнөк кийгизип ырдап чыккан. Айтмакчы, бул ыр Нурматты чоң аренага жарк эте жылдызын жандыра алды. Себеби, ырчы мырза бул чыгарманын аркасы менен бүгүнкү күндө бир дагы тойдон калбай, элге кызмат кылып чөнтөгүн кампайтууда. Бирок, Нурмат бул ырды жарыкка чыгаар алдында өзү эч кандай эмгек коротпой, идея издеп кыйналбай казак элинен даяр ырды уурдап, анын стилине салып ырдап чыккан. Ал казак элинин кайсы чыгармасы экени сиздерге кызыкпы? Анда, аны биз айтабыз!

Нурмат Казакстандын популярдуу ырчы мырзасы Ернар Айдардын 2013-жылы аткарып чыккан “Не дейсиң” аттуу ырын уурдаган. Ернар, бул чыгарманы убагында хит кылып, азыркы тапта өз элинде аткарып жүрөт. “Не дейсиң” аттуу ырдын автору- Бауржан Есебаев. Буга далил төмөндө сиздерге сунуштай турган видео материалдарыбыз бар. Эки аткаруучуну тыңдап, өз пикириңиздерди калтырыңыздар!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (4)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Асылбубу Укуева, 12-июнь 2017, 12:10
Бул ырды чынында биринчи жолу Айтбубу Атамкулова ырдап чыккан.Айтбубу копко чыкпай журуп бир жолу сармерденде ырдагандан кийин Гулзатка жагып калды окшойт ал ырдап калды.Андан кийин Нурмат ырдап журот.Ал эми казактын ырчысы Эрнар Айдар кийин эле чыкты да ошон учун Нурмат уурдап алды деген бекер соз
Kumar Ergesheva, 31-май 2017, 11:00
Бул ырды биринчи жолу жана көп жылдар бою филармониянын ырчысы Айтбүбү Атамкулова 80-жылдары ырдап чыккан. Гүлзат Батырканова ырдаган эмес. Эч кандай казактарга таандык эмес. Обону таластык кишиники, Совет Урмамбетовдун мындай ыры жок. Далилдүү фактылар менен жазсаңар. Иши кылып эле ушак-шоу кылбай.
Бакыт Бектемиров, 31-май 2017, 09:49
Казак ырчы ырдап жатан ыр торгойумдун башталышына окош экен ! Ошол эле казак ырчы ырдап жаткан даяр стилди торойумду ырдап жургон бала окшоштуруп эчандай кыйынчылык туйшук тартпай эле ырдап койгон ! Бул папулярдуулук убактылуу !
Камчыбек Бостон, 30-май 2017, 14:43
Окшош экен чынында
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83