www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Боюнда бар аялдар эмнеге шишийт?

Перизат Кутманалиева 01-июнь 2017, 12:58

Ден-соолук


Боюнда бар аялдар эмнеге шишийт?

Бала күтүп жаткан учурда болочок эненин организминде көптөгөн өзгөрүүлөр болот эмеспи. Алардын бири – кош бойлуулукту коштогон шишик. Башка учурда жүрөк-кан тамыр же бөйрөк ооруларынан белги берип турган шишик кош бойлуулук учурунда канчалык деңгээлде коркунучтуу?.. Шишик эмне үчүн пайда болот?

Кош бойлуулуктагы шишиктин негизги себебин көпчүлүк дарыгерлер сууну көп пайдалануудан деп түшүндүрүшөт. Бирок, шишиктин негизги себеби суу эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, шишик организмге чогулуп калган натрийден улам пайда болот. А натрийди болсо туз пайда кылат. Андыктан, кош бойлуу аял суу ичүүнү эмес, туздуу азыктарды пайдаланууну чектөөсү керек. Ошондо кош бойлуулуктан да, болочок баланын ден соолугунан да кооптонууга негиз жок болот.

– Мурун туура келген бут кийимиңиз кысып калдыбы?

– Нике шакегиңиз колуңуздан чыкпай же араң чыгабы?

– Салмагыңызга жумасына 300 граммдан же андан көптөн кошулуп жатабы?

– Бармагыңыз менен териңизди басып көргөндө пайда болгон чуңкурча дароо калыбына келбей ошол бойдон калып калдыбы?

Анда сизде шишик бар. Кош бойлуулуктагы шишиктин өнүгүшү төрт стадиядан турат: Тамандын жана шыйрактын айланасындагы шишик. Мындай шишиктин эч кандай кооптуулугу жок. Бул кош бойлуулуктагы кадыресе көрүнүштөрдүн бири. Мындай шишик адатта кечинде пайда болот да, эртең менен өзүнөн-өзү жок болуп кетет. Курсактын ички бети жана белдин айланасынын шишиги.

Мындан да көп кооптонуунун кажети жок. Колдун, буттун жана беттин шишиги. Эгерде буттун шишиги такыр кетпей, анысы аз келгенсип ага колдун шишиги кошулса, анан да беттин көпкөнү байкалса, анда бул кош бойлуулуктагы кооптуу абалдардын бири. Тактап айтканда, мындай шишиктер гестоз деп аталган кош бойлуулукка таандык оорулардын бири болуп саналат. Жалпы шишик.

Жогорудагы саналган шишиктерге карата кош бойлуу айым эч кандай чара көрбөсө, анда шишик бара-бара жалпы денеге жайылат. Мындай шишик кээде көзгө дароо урунса, кээде билинбейт. Эгерде көзгө урунбаса, муну болочок эненин көптөн салмак кошуп жатканынан байкоого болот.

Гестоз деген эмне?

Гестоз – кош бойлуу айымдарда гана кездешип, төрөгөндөн кийин да бир нече күнгө чейин сакталып турчу оору.

Мунун кооптуулугу мында, гестоз – төрөт маалындагы энелердин өлүмүнүн үч негизги себебинин бири болуп эсептелинет. Ал кош бойлуулуктун 16-20-жумасында башталып, 28 жумалыгынан кийин кайра кайталанышы мүмкүн. Гестоздо кош бойлуу эненин бөйрөгүнүн, кан тамырларынын жана баш мээсинин иштеши начарлайт. Булардан тышкары гестозго тиешелүү эң мүнөздүү белги – артериалдык кан басымдын жогорулашы жана заарадан белоктун чыгышы. Мына ушуга байланыштуу гинекологдор кош бойлуулардан заарага тез-тез анализ тапшырып турууну талап кылышат. Заарадагы белок бөйрөктүн ишине доо кеткендигинен кабар берип, шишик менен коштолот.

Булак: "Айымдар кеңеш"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83