www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бакыт Төрөбаев бөбөктөрдү куттуктады

Кызгалдак Жакыпова 01-июнь 2017, 14:50

Коом Куттуктоолор


Бакыт Төрөбаев бөбөктөрдү куттуктады

Урматтуу мекендештер жана бөбөктөр!

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү катары расмий белгиленип келет. Жыл сайын белгиленген бул майрамда биз балалык камкордукка муктаж экендигин көрүп келебиз. Жараткан бизге балалуу болуу бактысын бергенде, анын келечек тагдырынын жоопкерчилигин да берген эмеспи. Балдарыбыз балалык көз ирмемдерин кандай эстеп калаары ар бирибизге байланыштуу. Албетте балдарды тарбиялоо оңой олтоң иш эмес. Анын турмуш жолундагы баардык кубанычы менен кайгысында ата-эне жана жакын адамдары бирге болуп, кыйынчылыктарды коркпой жеңүүгө, ийгиликтерге жетишүүгө көмөк көрсөтүү биздин милдет. Азыркы мезгилде кичинекей бөбөктөр ата-эне, мамлекет, коом тарабынан аяр мамилеге, камкордукка жана коргоого муктаж болуп турат. Мындан улам биздин балдар таалим-тарбия, сапаттуу билим алууга татыктуу. Өзгөчө, камкордукка муктаж балдар мамлекет тарабынан камсыздалышы шарт. Эртеңки келечегибиз деген балдар, алардын көйгөйү, абалы көз жаздымда калбашы керек. Чынында эле балдардын көйгөйлөрү аз эмес. Учурда өлкөдө мектеп жашындагы балдардын окуудан калып, күнүмдүк турмуштун айынан көчөдө жана базарда калышы көкөй кескен көйгөйдүн бири. Мындан улам эң биринчи балдар маселеси көз жаздымда калбашы керек.

Урматтуу бөбөктөр! жүзүнөрдө күлкү жайнап, балачагыңар бактылуу өтүшүнө тилектешмин.

Урматым менен Бакыт Төрөбаев!

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549