www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Текебаев: «Балалык дооруңар камкордукта, бактылуу өтсүн! Майрамыӊар менен, балдар!

Кызгалдак Жакыпова 01-июнь 2017, 16:24

Куттуктоолор Коом


Өмүрбек Текебаев:  «Балалык дооруңар камкордукта, бактылуу өтсүн! Майрамыӊар менен, балдар!

1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Ата Мекен социалисттик партиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин куттуктоосу.

Урматтуу ата-энелер, балдар!

Биз, ар жылы 1-июнь Эл аралык балдар күнүн белгилейбиз. Бул күн биз үчүн балдарарыбыздын астында зор жоопкерчиликтерибиз бар экенин дагы бир жолу эсибизге салат. Балдар укуктарын корголбогон жана аларга татыктуу билим бере албаган өлкөдө, маданияттуу коом жана татыктуу келечек түзүү мүмкүн эмес. Балдар – биздин келечегебиз, эртеӊибиз. Бүгүн, мен бардык улууларды, балдарды кунт коюп угуп, жылуулук тартуулап , сүйүү жана камкордук менен балдарды курчап, аларга мээрим көрсөтүүгө чакырам! Биз ар бир баланын негизги укуктарын камсыз кылуу үчүн аракет кылышыбыз керек. Аларды балалык бакытынан ажыратпай, ар бир балага тынч жана таза коомдо татыктуу тарбия беришибиз кажет. Ошондо гана биздин балдар дени сак, бактылуу, ийгиликтүү өсүп, келечекте кыялындагы бийиктиктерди багынтат. Урматтуу балдар!

Мен силерге бекем ден-соолук, бактылуу балалык жана ар бир ата-эне тиленген жаркыраган келечекти каалайм! Балалык дооруңар камкордукта, бактылуу өтсүн! Майрамыӊар менен!

Урматым менен Өмүрбек Текебаев


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549