www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жоомарт Бөкөмбаев атындагы №1 Балдар үйүнө жардам көрсөтүлдү

Кызгалдак Жакыпова 01-июнь 2017, 17:41

Коом Кайрымдуулук


Жоомарт Бөкөмбаев атындагы №1 Балдар үйүнө жардам көрсөтүлдү

1-июнь күнү - Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Балдар үйүнө  ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы жардам көрсөттү. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Билдирүүгө караганда, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Сузак районунун Багыш айыл аймагына караштуу Октябрь кыштагындагы Жоомарт Бөкөмбаев атындагы №1 Балдар үйүнө башкармалыктын өздүк курамынын атынан накталай акча каражаты топтолуп, балдар үчүн эң керектүү окуу куралдары (түстүү калем, ручка, альбом, топ ж.б.у.с.) сатып алынып, Балдар үйүнө жеткирилип берилди.

Сузак районундагы Багыш айыл аймагына караштуу Октябрь кыштагындагы Балдар үйүнүн эмгек жамааты жана окуучулар, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысына жана өздүк курамына жалаң эле өзгөчө кырдаалдардан куткаруу менен гана алек болбостон, кайрымдуулук иштерин да унутта калтырбаганына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549