www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыралиев ишти кайсыл жагынан баштаарын билбей башы маң

Перизат Кутманалиева 02-июнь 2017, 10:16

Коом Аналитика Ден-соолук Эл пикир


Батыралиев ишти кайсыл жагынан баштаарын билбей башы маң

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жетекчилик сапатын көрсөтө албай койду. Өз каалоосу менен кызматын тапшырып берип кетип калса, жалпы кыргыз элинин сообуна калаар эле. Медицина тармагында болуп жаткан үрөй учурган фактылар катталууда.

Муну менен Батыралиевдин түнкү уйкусу кантип тынч болуп жатат белгисиз. Мына кечээ жакындан бери Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө акушер-врач толготуп келген келинди төрөтөм деп ымыркайдын башын жулуп алгандыгы боюнча маалымат коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салып жатат.

Бул маалымат журналисттерге жетпегенде жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак экен. Адам өмүрү менен кош айтышкан төрөт маселеси учурдун көйгөйү болуп жатат. Бул жаатта конкреттүү түрдө иш алып барган жетекчи жок. Баары эле галдирбайлар. Батыралиев болсо ишти кайсыл жагынан баштаарын билбей башы маң болуп жүргөнсүйт.

Кимдир бирөөнү кызматтан алганды, кызматка койгонду, чындыкты сүйлөгөндөрдү куугунтукка алганды эң жакшы өздөштүргөн экен.

Булак: “Ачык саясат”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83