www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл өкүлдөрү "эшектин тушагын" чечкенге жараган жок...

Гүлжан Шерипбаева 28-январь 2017, 02:20

Саясат Редакциянын тандоосу


Эл өкүлдөрү "эшектин тушагын" чечкенге жараган жок...

Кечээ Жогорку Кеңештин күн тартиби боюнча “өкмөттүк күн” өткөрүлдү. Анда негизинен адам жашоосундагы өзгөчө мааниге ээ саламаттык сактоо, мамлекттин эртеңки келечегин аныктаган билим берүү жана рухий байлыгыбыздын өзөгү болгон маданият тармагындагы көйгөйлүү маселелерге арналды. Бирок, мамлекетибиз үчүн мааниси терең мындай жооптуу дагы, маанилүү дагы маселеге өкмөт тараптан кайдыгерлик мамиле кылынганы оркойуп эле көрүнүп калды.

Ал жыйынды премь­ер-министр Сооронбай Жээнбеков “пыш!” деп койгонбу, келген жок. Ал эле эмес, негизги маселелерге жооп берчү бир топ жетекчилери да келбеди. Далайлары “замдарын” жөнөтүшүптүр. Жогорку сот тараптан деги эле өкүл келбеди. Саламаттык сактоо министри Т.Батыралиев болсо жыйынга “көз көрсөтүп” коюп бир саатка жетип-жетпей А.Атамбаевдин резиденциясында жолугушуум бар деп көздөн кайым болуп, түштөн кийин гана карааны пайда болду.

Ал ортодо анын ордуна калган министирдин орун басарына кайсы бир депутат жөнөкөй эле суроосун сунду: “Айтыңызчы, борборубуздагы онкологиялык оорукананын башкы врачынын орду канча убакыттан бери бош турат?” десе, зам министр жооп берип жатат: “Менимче, төрт айча болду го” деп. А чынында ал жерде башкы дарыгер акыркы алты жылдан бери дайындалбай, жетекчиси алигүнчө “ио” болуп келатканы айгилеленди. Муну белгилегеним, онкологиялык оорукана деген жөнөкөй ооруканалардан эмес.Тилекке каршы, тийиштүү министрликтин ал жайга болгон мындай жосунсуз мамилеси албетте өкүнүчтүү. Онкология болсо улуттук деңгээлдеги көңүл бурчу маселе. Атургай ал оорукананын азыркы күндө тийиштүү реанимациялык бөлүмү жок экен. Муну кандайча түшүнсөк болот? Айтмакчы, ошондой маанилүү маселе болгон ошол “өкмөттүк күндө” демейде (саясый жеке кызыкчылыктар туулганда) опурулушуп микрофон талашкан парламенттин чоң калибрдеги “дөө-шааларынын”, фракция “акылмандарынын” караандары да көрүнбөдү. Балким алар мамлекет үчүн мындан да артык маселелер менен “алектенишип” жүргөн чыгаар...

Эң кызыгы жана өкүнүчтүүсү, ошол “өкмөттүк күндө” өкмөттүн атынан башкы баяндамачы катары келген Ч.Султанбекова эмнени баяндап, эмнеге даярданып келгенин өзү да билген жок окшойт.

Ушундай көрүнүштөн улам ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков: “Негизи бул “өкмөттүк күн” күн тартиби боюнча өткөн жылдын аягында эле өтмөк. Ал туурасында өкмөт дагы кабардар болчу. Андыктан айтылчу маселелер коомчулук үчүн маанилүү болгондуктан, жакшылап даярданышыңар керек эле. А сиздердин даярдыгыңыздар өтө эле начар экени көрүнүп турат. Керек болсо кайсы суроого даярданып келишиңер туурасында алдын ала билдирилбеди беле. Эми силерге “шпаргалка” берелиби?” дегенге чейин айтып алды.

Өкмөттүн мындай шалаакылыгына чыдабаган айрым депутаттар ачуу сын-пикирлерин айтып, жөн эле убакытты өткөрө бербей “өкмөттүк күндү” токтотууну, башка күнүн өткөрүүнү талап кылышты.

Не бирин айталы. Ушундайда Ыстакеңдин (Сталиндин) “Кадрлар баарын чечет. Эгер бардык тармактарда мыкты кадрлар иштесе, анда өлкөбүз өнүгөт, өсөт. Жок, андай эмес болсо, биз бир эмес эки бутубуздан аксаганыбыз аксаган...” деген сөзүн аргасыздан эстейт экенсиң. Кайран гана бүгүнкү кыргыз бийлигинин кадрлары.

Бул кебетебиз менен эмненин ичинен чыгаар экенбиз? “Өкмөттүк күн” демекчи, Россиянын Мамлекеттик Думасындагы өткөрүлгөн “өкмөттүк күнүн” карагылачы. Аткаруу бийлиги да, мыйзам чыгаруу бийлиги да тим эле ташка тамга баскандай тыкылдашат. “Өсөлү, өнөлү” деген өлкөнүн духу байкалат ал жерде. “Жаман айтпай жакшы жок” дейт.

А биздин кечээки Жогорку Кецешибизде өткөн “өкмөттүк күнүбүз” ачык айтканда “өгүз өлбө, араба сынба” абалында эптеп эле өтүмүш болду. Ошого, “ошондойлорго” корогон кайран гана мамлекеттин акчалары! Мындайча айтканда, жыйындын дээрлик басымдуу бөлүгүндө жөн эле “пустой” сөздөр сүйлөндү. Ошону менен бүттү. Кыскасы, айрым депутаттар өздөрү айткандай, ал күнү эл өкүлдөрү “эшектин тушагын” да чече алышкан жок.

Кенжебек АРЫКБАЕВ

Булак: Ачык саясат 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83