www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин кызы атасына ыры үчүн ыраазычылык билдирди

Махабат Алымбекова 15-июнь 2017, 13:04

Коом


Атамбаевдин кызы атасына ыры үчүн ыраазычылык билдирди

Алия Шагиева анын искусствого болгон шыгы атасынан калганын айтып, атасы жаш кезинде сүрөт дагы тартканын кошумчалады.

 Президенттин кызы Алия Шагиева өзүнүн Facebook баракчасына атасын мыкты аткарган ыры менен куттуктаганын жазып чыкты.  Шагиева өзүнүн билдирүүсүндө атасы үчүн ачык кат тартканын жазат.
"Ичине эмне деп жазганымды көрсөтпөйм. Себеби, аруу, таза нерселерди баарына жар салгым келбейт. Жакшы көрөм, жакшы көрөм, жакшы көрөм! Гитаранын коштоосундагы ыры менен куттуктайм. Ал эс алдырган, жылмаюу тартуулап, өмүрдү узарткан жан дүйнөсүнө жакын иш менен алектенгенине абдан кубанычтамын", — деп жазат ал.

 Алмазбек Атамбаев гитара чертип, өзү жазган ырды аткарды Шагиева атасын дайыма чыгармачыл киши катары билип келгенин баса белгилеп, ал жаш кезинде музыка чыгарып, ыр жазып, сүрөт тартканын кошумчалаган. "Ооба, ал сүрөт тартчу. Жакында эле анын тарткан сүрөттөрүнүн альбомун барактап чыктым. Чыгармачылыкка менин жакын болуума атам таасир тийгизген. Сизге чоң рахмат!" — деп Шагиева өзүнүн сезимдери менен бөлүшкөн. Атамбаевдин кызы тууралуу кыргыз коомчулугу анын Даун синдрому менен ооруган балдардын ата-энелер коомдук фондусуна 200 миң сом өлчөмүндө жардам бергенинен кийин биле баштаган. Каражатка 19 жаштагы Алия Шагиева көргөзмөсүндөгү эмгектери сатылгандан кийин ээ болгон.

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83