www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев Путиндин чакыруусу менен 19-июнда Орусияга барат

Камчыбек Бостон 16-июнь 2017, 20:31

Саясат


Алмазбек Атамбаев Путиндин чакыруусу менен  19-июнда Орусияга барат

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен 19-июнда Орусияга барат. Бул тууралу бүгүн, 16-июнда маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барат. "Иш сапар 19-июндан 24-июнга чейин созулат. Президент Кыргыз-Орусия дипломатиялык мамилесине 25 жыл толгондугуна байланыштуу барат. Анда эки өлкөнүн стратегиялык мүнөздөгү кызматташуусу талкууланат. Ошондой эле ЕАЭБ алкагында дагы сөз болот. 20-июнда Орусияда өтчү Кыргыз маданият күндөрүнө катышат", - деди Субакожоева.
Мындан тышкары Атамбаевдин Орусияда жашап жана иштеп жаткан Кыргыз жарандары менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргыз мамлекетинин башчысы Башкортостан жана Татарстанга барып, бул республикалардын башчылары менен жолугушмакчы

Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83