www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика жана финансы институту ата-энеси жок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтөт

Перизат Кутманалиева 17-июнь 2017, 17:40

Кайрымдуулук Илим Коом


Экономика жана финансы институту ата-энеси жок, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтөт

Экономика жана финансы институту ата-энеси жок, аз камсыз болгон уй-булөлөрдүн балдарына жардам көрсөтөт. Институттун чет өлкөлүк өнөктөшү 10 балага аталган окуу жайда акысыз билим алууга жардам берет. Эгер томолой жетим калып, же балаңызды жогорку окуу жайларда окутууга шартыңыз жок болсо, Экономика жана финансы институтуна кайрылыңыздар. Ал учун бутуруучу жалпы республикалык тестирлоодо 110 баллдан кем болбошу керек. Институтта түзүлгөн атайы комиссия аныктап, текшерген соң балдар акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Даргеи: Бишкек ш., Токтогул 212/1, Тоголок Молдо 60. Телефондор: 0700 100-600; 0312 32 49 69

Экономика жана финансы институту эл аралык интеграция шартында жогорку профессионалдык деңгээлдеги экономисттерди даярдайт. Аталган институт окутуучулар,окумуштуулар, студенттер жана анын бүтүрүүчүлөрү үчүн ачык жамаат болуп саналат. Бир катар чет элдик жогорку окуу жайлар менен биргеликте бизнес-мектептерди жана ACBSP программасы боюнча эл аралык каттоо кеңешинин системасына кирип жатат. Бүгүнкү күндө экономика жана финансы институту: 1. Финансы жана кредит 2. Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит 3. Эл аралык экономика  4. Салык жана салык салуу  5. Экономикадагы математикалык ыкмалар боюнча адистерди даярдайт. Мындан тышкары бухгалтердик эсеп боюнча орто кесиптик билим берүү дагы жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө экономика жана финансы институтунун бүтүрүүчүлөрү өкмөттүк жана мамлекеттик мекемелерде, банктарда жана эл аралык финансылык уюмдарда, ошондой эле башка финансылык институттарда иштеп келишет.

Булак: "NazarNews.kg"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549