www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ыйык Рамазан айы жыл ичиндеги соопторду чогулта турган ай

Камчыбек Бостон 18-июнь 2017, 21:17

Коом


Ыйык Рамазан айы жыл ичиндеги соопторду чогулта турган ай

Орозодо адамдарга күнү бою тамак-аш, суудан баш тартып, руханий жактан өзүн азыктандырып, жаман кылык-жоруктардан тазаланууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондуктан мусулмандар ыйык айды чыдамсыздык менен күтүшүп, ушул айда жакшы тилектерди тилеп, соопчулук иштерин көбүрөөк жасаганга аракет кылышат. Ыйык Рамазан айы мусулман үй-бүлөсүндө молчулуктун жана кубанычтын айы. Таңдан күн батканга чейин орозо кармап, күнү бою тамак-аштын бардык түрүнөн баш тартышып, колун жаман иштерден, арам ойлор менен заар сөздөрдөн тилин сактаганга аракет кылышат. Орозо кармоо исламдагы беш парздын бири. Рамазан айында сыйынуу, соопчулук иштерин көбүрөөк жасоо менен мусулмандар Аллага жакындоону максат кылышат. Орозону дүйнөдөгү миллиарддаган мусулмандар кармашат. Рамазан айынын келиши менен алар күнүмдүк адаттарын, иштерин жана жашоосун жакшы жакка өзгөртүп, аз да болсо кайрымдуулук менен соопчулук иштерине салым кошуп калганга аракет кылышат.

Камчыбек Бостон, "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83