www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каныбек Османалиевди капа кылбагылачы?

Перизат Кутманалиева 19-июнь 2017, 10:24

Саясат Коом Аналитика Эл пикир


Каныбек Османалиевди капа кылбагылачы?

Жан-дүйнөсү назик адамдар, чыгармачыл инсандар, окумуштуулар кээде боорду эзген кылык-жоруктарды жасап, ар нерсени «балп» эттирип салышат эмеспи.

Дегеним, экс-депутат, экс-министр Каныбек Осмоналиев социалдык тармактардагы жеке баракчасына: «Жумушсуз калсам «агалагандар» айлана — чекемден жок болуп кетишти. Үй-бүлөм менен эле бир туугандарым калышыптыр!

Ошол «агалагандар» менден кутулуштубу же мен алардан кутулдумбу? Бирок, эмнегедир жеңилдей түшкөндөй болуп жүрөм!!!» — деген билдирүүсүн жазып чыкты. Баягы, депутат кезинде бир топ иштерди бажарып жүрчү Каныбек агабыз ишсиз калып коӊултактап айткандай.

Осмоналиевдин ооматы келип турганда коюн кончуна кирип жүрчүлөр ушу кишини капа кылбагылачы? Өчүрөткө туруп алып, ал-жай сурап турсаӊар боло. Антпесеӊер Каныбек мырза калп болсо да «жеңилдей түшкөндөй болуп жүрөм» — дегени менен каӊырыгы түтөп эле, капшыты эӊшерилип аткандай…

Булак:"de-facto.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Талант Джантелиев, 19-июнь 2017, 12:30
Осмоналиев, ошол он тааныштарынан кутулганына суйуно берсин, же болбосо ошолор эле Какебиздин ичип жегендерин ачыкка чыгарабыз дешсе, Какебиз алардан кантип кутулууну билбей эси оойт го.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83