www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ата Мекен" партиясы президенттикке Өмүрбек Текебаевден башка талапкер чыгарбайт

Камчыбек Бостон 19-июнь 2017, 17:13

Саясат


"Ата Мекен" партиясы президенттикке Өмүрбек Текебаевден башка талапкер чыгарбайт

Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү маалымат жыйында журналисттердин "Текебаевдин талапкерлиги артка кайтарылса, башка талапкер чыгабы?" деген суроосуна жооп берип жатып айтты.
Ошондой эле ал тергөө абагында жаткан Өмүрбек Текебаев президенттикке негизги атаандаш болгондуктан бийлик аны шайлоого жеткирбөө аракетин көрүп жатканын айтып чыкты. Депутаттын пикиринде бийлик Текебаевдин президент болушунан коркуп жатат.
"Жадакалса мыйзамды түшүнбөгөн жарандарыбыз Текебаевге бийлик тарабынан саясий кысым болуп жатканын билип турушат. Бийлик Текебаевдин саясий эркин сындыруу, шайлоого жеткирбей айып тагуунун аракетин көрүп жатат. Эгерде ага шайлоого чейин айып тагылып, президенттикке катышпай калса, эл таза шайлоо өткөнүнө ишенбейт. Текебаев ак, анын кылмыш айыбы жок, бир гана сот айтмайынча, ал күнөөсүз. Бийлик Текебаевдин чыныгы лидер, чыныгы президент болорунан коркуп, ушул кадамга барып жатат", - дейт Шыкмаматов.
Ал эми депутат Аида Салянова БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын Текебаев боюнча айткандарын сынга алды. "Президенттик шайлоо тарыхый, тагдырды чече турган окуя. Мындай учурда саясий тирешүүлөр болот. БШКнын төрагасы айрым маалымат каражаттарына "Текебаев күнөөлүү болуп чыкса, талапкер катары каттоону артка кайтарууга шарт түзөт" деп комментарий берип жатат. БШК мыйзам чегинде иш алып барышы керек", - деди Салянова

Булак: "super.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83