www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кимдин-кимдин заманы, КСДПчылардын заманы

Перизат Кутманалиева 21-июнь 2017, 10:43

Саясат Аналитика


Кимдин-кимдин заманы, КСДПчылардын заманы

Бул партиянын өкүлдөрү Жогорку Кеңеште депутат экенине карабай, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгат. Кааласа бакыйган министрлерди келесоого теңеп, тал- чыбыктай буралган кыздарды кордотуп, “кетем” деп коркутушат.

Ал эми “балык башынан сасыйт” дегендей алар “үлгүнү” “аташкасынан” алышат. Президент Алмазбек Атамбаев ажо экенине карабай айрымдарды ашатып, оозуна эз боло албай калат. “Сыныктан башкасынын баары жугуштуу” демекчи, башчыларынын мындай жоруктарын көргөн КСДПнын өкүлдөрү жөн турмакпы, алар керек болсо кеп менен гана айтып койбостон кара күчкө салып, муштуму менен далайларды коркутуп коюшат экен.

Сөзүбүз куру болбошу үчүн Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылынын айыл өкмөтү Алмаз Абдукаримов жана орун басары Улугбек Кадыров чоң муштум болуп кеткени тууралуу кабарга көңүл буралы. Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтү жерлерди сатып жаткандыктан жергиликтүү бийликтин отчетун “канааттандырарлык эмес” деп тапкан.

Буга каарданган айыл өкмөттүн орун басары жана анын тарапташтары айылдык кеңештин төрагасына кол көтөрүп, коркутууга өтүшкөн. “Айыл өкмөтүнүн ишенгенн КСДП болууда. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Улукбек Кадыров жакшы иштей албай эле муштуму менен эл башкарам деп ойлоп жатабы. Айылыбызда ушундай башаламандык орун алууда.

Муну көзөмөлгө алган бирөө жарым барбы”, -деп жазат окурман. Бийликке келип көзүн май баскан Алмаз Абдылазович жана Улугбек Кадыров КСДПга таянып узун кол болуп жатышабы же жер саткандарды коргоп акыйкатты айткандарды кордогон заман келдиби?

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83