www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эдил Байсалов: “Россиянын расмий жетекчилиги жана дипломаттары эч качан Атамбаевти жактырышкан эмес”

Перизат Кутманалиева 21-июнь 2017, 17:42

Саясат Коом Эл пикир


Эдил Байсалов: “Россиянын расмий жетекчилиги жана дипломаттары эч качан Атамбаевти жактырышкан эмес”

Атамбаев Орусияга келе жаткан президенттик шайлоодо бийлик партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго бата алып келүү үчүн сапар жасадыбы? Анын бул аракети ишке ашабы?

– Жок, андай эмес. Биринчиден, эмки президентти орустун жетекчилиги эмес, кыргыз эли шайлайт. Путин канча кыйын болбосун, ал бирөөнү бизге таңуулай албайт. Сооронбай Путиндин сүйгөн бир тууганы болгон күндө дагы. Путин менен Назарбаев Кыргызстандын башына жалпы элдин колдоосуна ээ, мыкты жана бекем жетекчи келишине кызыкдар.

Атамбаевдин эч кандай аласасы жок, Сооронбай Жээнбековду колдойсуңар деп буларды кыйначу. Москва менен Астана “кимиси келсе дагы, баары бир бизге көз каранды болот”- деген ишенимде. Биз дагы алардан алыс качып кетпейбиз. Ошондуктан сырттан кийилигишүү азыраак эле болот деген ойдомун.

Экинчиден болсо, бул мамлекеттик (расмий же жумушчу эмес) сапар бир президенттин мөөнөтүндө бир эле жолу болоорун унутпашыныз керек. Москва алты жылдан бери Атамбаевди чакыртпай, азыр аягында чакырды. Кремлде бир жаткызбаса, бул чоң чатак болуп калмак.

Мисалы, Мирзиёев шайланаар замат эле барып келди. Биз унутпасак, Россиянын расмий жетекчилиги жана дипломаттары эч качан Атамбаевти жактырышкан эмес. Дайыма ага каршы аракеттерди жүргүзүшкөн. Жалгыз гана Путин Назарбаев менен Лукашенколор проблемдүү болгон үчүн Атамбаевди бир убакта жакындатып алган.

Бирок, аягында жанагыдай “Русгидронун” денонсациялары жана ойлонулбаган билдирүүлөрү сыяктуу ал менен дагы мамилесин бузуп алган. Жеке ишениминен эбак чыккан! Атамбаевдин проблемаларын аябай жакшы билишет.

Ал өзүн “мен президентиктен кеткенде дагы, баарын контролдойм”- деп айткандарына көп деле маани беришпейт. Анткени андайлардын далайын көрүшкөн. Азыр кыргыз эли күн санап тургандай эле, тышкы өнөктөштөрүбүз дагы жаңы жетекчинин шайланышын күткөн чагы!

Булак: “Майдан.kg”


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549