www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Равшан Жээнбеков: “Кремль Атамбаев сунуштаган адамды колдобой койсо, ал адам өтө албай калат”

Перизат Кутманалиева 21-июнь 2017, 17:50

Эл пикир Саясат


Равшан Жээнбеков: “Кремль Атамбаев сунуштаган адамды колдобой койсо, ал адам өтө албай калат”

Атамбаев Орусияга келе жаткан президенттик шайлоодо бийлик партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбековго бата алып келүү үчүн сапар жасадыбы? Анын бул аракети ишке ашабы?

 – Менин көз карашым боюнча, Атамбаевдин Москвага болгон сапары өзүнөн кийинки бийликке келе турган адамды сүйлөшүп, анын талапкерлигин бекитип келүү деп ойлойм. Анткени, президенттер кетээр маалда мамлекеттик маселелер анча деле маанилүү болбой калат.

Башкача айтканда жеке үй-бүлөсүнүн жана ушул кезге чейин жыйнаган дүйнөсүнүн коопсуздугу аябагандай түйшөлтө турган маселе. Ошон үчүн президент ишеним арткан адам Кремль тарабынан колдоо табышы ал үчүн маанилүү маселе.

Анткени, Кремль Атамбаев сунуштаган адамды колдобой койсо, ал адам өтө албай калат. Президентти санаага салат. Ошон үчүн өзү тымызын колдогон адамдын талапкерлигин Кремль менен макулдашып, аны өткөрүүгө аракет кылат.

Булак: “Майдан.kg”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83