www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде айдоочулар кардарларын акысыз ташып жатышат

Камчыбек Бостон 21-июнь 2017, 19:07

Коом Кайрымдуулук


Баткенде айдоочулар кардарларын акысыз ташып жатышат

Баткен-Ак-Татыр каттамында жүргүнчү ташып жан баккан 25 айдоочу Кадыр түн урматына 21-июнь күнү ооз бекитилгенден баштап ооз ачаарга чейин жүргүнчүлөрдү акысыз ташып жатышат.

Баткен шаарынан Ак-Татыр айылына чейин жол алыстыгы 40 чакырым. 
Жол акы ар бир жүргүнчүгө 80 сомдон.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айынын этегиндеги Кадыр түн быйыл 21-июндан 22-июнга караган түнгө туш келди.

Кадыр түн - орозо айынын 27-түнүндө болот. Мусулмандардын түшүнүгү боюнча Алла Мухаммедге курандын алгачкы «Фаатиха» сүрөөсүн Рамазан айынын 27-түнү түшүргөн. Бул түнү ислам динин кармангандар таң аткыча уктабастан Кудайга кулчулук кылып, жакшылыктарды тилеп, куран окушат. Аны мечитте же үйлөрүндө тосушат. 

Булак: "azattyk.org"

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549