www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев: "Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албайм"

Камчыбек Бостон 21-июнь 2017, 19:56

Саясат


Атамбаев: "Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албайм"

Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу бүгүн Москвадан билдирди.

Ал баштаган кыргыз делегациясы бүгүн Кремлде орус президенти Владимир Путин менен жолукту.

- Орусия тараптан абдан чоң реалдуу каржылык жардам көргөзүлгөнүн белгилеп кетким келет. Бүгүн да каржы министрлерибиз Кыргызстандын Орусия алдындагы калган карыздарынын баары кечилүүсүн караган протоколду алмашышты. Мен Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албайм, - деди Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында.

Кремлдеги бүгүнкү сүйлөшүүлөр артынан эки тараптуу бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлду.

Атамбаев Орусияга беш күндүк мамлекеттик сапар менен кечээ барган.

Ал Москвадан кийин Татарстан менен Башкыртстанга да барып, сапардын алкагында Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрү да өтөт. 

Булак: "azattyk.org"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83