www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыздан айырмасы жок "селфилешкен" саясатчылар

Камчыбек Бостон 23-июнь 2017, 00:34

Саясат Коом


Кыздан айырмасы жок "селфилешкен" саясатчылар

Кечээ жакында эле аткаминерлерибиздин Кремлге барып жасаган кыймыл аракеттери элдин күлкүсүнө калгандан сырткары  кыжырларын кайнатты.

Аткаминерлерибиздин мындай кылыктарынан соң, күзгү алдынан чыкпай, ичке оозун оймоктой кылып чийип, кичине көзүн болушунча боёп, өзүн-өзү сүрөткө тартып Инстаграмга жүктөгөн кыздардан айырмалары жок экенин түшүндүк. Анткени алар бир кадам таштаардан мурун, мага ушу нерсе жарашабы же болбосо туура келеби деп ой жүгүртпөдү. Бизди көргөн россиялыктар эле эмес, башкалар көрсө эмне дейт деп акылдарына да келген жок. Мейли  биздин өлкөгө аткаминерлерибиздин балп эттирип, талп эттиргендерине  көнүп калганбыз. Бирок  Россия мамлекетинин элдери кандай абалда калды экен. “Кокуй бул кыргыздар кайда жүрүшкөн. Тоодон мал кайтарып жүрүп  эле, анан шефи даярдап койгон костюмдарын кийип келе калгандай сезилди”
Эң кызыгы эмнеге  ошол жерге барып селфиге түшүштү. Кыргызстанда селфиге түшө турган канчалаган жерлерибиз бар. Эгерде чын эле биз ойлогондой таза жана кооз имарат болсо, ойду омкоруп, тоону томкоруп, ооздору менен орок орбой, мамлекеттин акчасын кара курсактарына жебей, кооз жайларды салсын да. Кыргызстанды гүлдөтүп алып селфиленип жата берсин.  Аралай басып селфи кылмак түгүл, жамбаштап жатып алып, көк чөпкө  селфилене беришсиң.

Булак: "fakt.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83