www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айт намазы эртең саат 7:30 да окулат

Камчыбек Бостон 24-июнь 2017, 12:45

Коом


Айт намазы эртең саат 7:30 да окулат

Кыргызстанда Орозо айт намазы 25-июнда саат 7:30да окулат. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, намазга чогулуу саат 6:00дө башталат. Бир саат дин аалымдарынын насааттарына орун берилет. Саат 7ден 7:30га чейин муфтийдин жана бийлик башындагылардын куттуктоолору элге жеткирилет.

Бишкекте намаз муфтий Максат ажы Токтомушевдин башчылыгында Эски аянтта окулат. Ага премьер-министр жана шаар мэри баштаган аткаминерлер катышат. Андан тышкары, бардык мечиттерде, облус борборлорундагы аянттарда намаз аткарылат.

Рамазан Ислам дининдеги ыйык ай саналып, мусулмандар 30 күн орозо кармашат. Аягында Айт майрамы менен жыйынтыкталат. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан ашууну мусулмандар. 

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83