www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ- Ошто Орозо айт намазга миңдеген адам катышты

Камчыбек Бостон 25-июнь 2017, 20:18

Фоторепортаж Коом


СҮРӨТ- Ошто Орозо айт намазга миңдеген адам катышты

Бүгүн 25-июнь күнү Ош шаарында ыйык Орозо айт намазы Борбордук аянтта окулду. 

Иш чарага шаар жетекчилери катышып, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жалпы момун мусулмандарды ыйык орозо айт майрам менен куттуктады.
“Орозо бүткөн күнү элибизге кубаныч, салтанат тартуулаган улуу Айт майрамы куттуу жергебизге жакшылык алып келсин. Ылайым жаман сөздөн, суук көздөн, көңүл кирдеткен жаман окуялардан алыс бололу. 

Бүгүнкү күнү кылынган дубалар кабыл болуп, быйылкы жыл мамлекетибиз үчүн өзгөчө жыл экендигин эске алып, ар бирибиз өлкөбүздүн тынчтыгын, ынтымагын жараткандан тилеп, мамлекетибиздин мындан ары өсүп өнүгүүсү үчүн акыл калчап, ой жүгүртүп туура чечим кабыл алуубузду кудай насип этсин”- деди Ж. Ормонов
Айт намазды шаар жетекчилери калаа тургундары менен бир сапка тизилип окушту. 
Мындан сырткары шаардын башка мечиттеринде да айт намазы окулду
Айт намазга жалпысынан 15 миңден ашуун эл катышты.

Ош шаардык кеңеши

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83