www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бердибек Жамгырчиев: "Мени күтпө..."

Камчыбек Бостон 25-июнь 2017, 21:47

Маданият


Бердибек Жамгырчиев: "Мени күтпө..."

Ашыктыктан турганда таңдай катып, Ак сүйүүдөн ууртасаң кандай бакыт. Бүт тамырга жалын от тараар эле, Бүлүк салган сезимдер жандай басып.

Бирок ал күн ортодон алыс калган, Биз бөлүндүк бир жүрчү багыттардан. Баары өчүп жүрөктүн тереңинен, Үмүт деген жапжалгыз жарык калган...

Тагдыр бир күн бутуңдан тушаганда, Мени эстеп бекерге кусаланба. Карт убакыт баардыгын унуттурат, Кайран өмүр алыска узаганда.

Мейкиндикте калса да өз тилегиң, Мени жоктоп ашыкча өксүбөгүн. Сезимдердин тереңин көрүш үчүн, Махабаттын көлүнө чөктү дегин.

Мени күтүп кейип сен кепчибегин, Махабаттын төрүнө кетти дегин. А мен сени алгачкы өчпөй турган, Аруу таза ак сүйүүм деп билемин..

Автор: Бердибек Жамгырчиев 

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83