www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүттөөнүн эрежесин бузуп жатышат

Перизат Кутманалиева 27-июнь 2017, 09:22

Саясат Коом Эл пикир


Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаев шайлоо алдындагы үгүттөөнүн эрежесин бузуп жатышат

Бишкек жана Ош шаарларында президенттикке талапкерлер Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаевдин үгүт плакаттары пайда болду. "Муну менен алар шайлоо мыйзамын бузуп жатышат",- деп социалдык түйүн колдонуучулары талкуулап жатышат. 

Бул үгүт сүрөттөрү Бишкек жана Ош шаарларында бүгүн пайда болгону айтылууда. Эскерте кетсек, буга чейин жогорудагы эки талапкер жана "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугууларын башташкан. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы үгүттүн сүртүмдөрү болуп жатканын белгилеп, талапкерлерге эскертүү берген. 

Мыйзамга ылайык, үгүт иштери шайлоого бир ай калганда башталат. Ал эми Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрына белгиленген деп билдирет 5news.kg маалымат порталы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83