www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чыке тактыны эңсей баштады...

Перизат Кутманалиева 28-июнь 2017, 10:13

Саясат Коом Аналитика Эл пикир


Чыке тактыны эңсей баштады...

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков акыркы жылдары саясатта өз ордун таба алды. Эл колдоосуна ээ болуп жарк деп чыга албаса да, саясий салмагы артып, жогорку бийлик чөйрөсүндөгү саясатчылар эсептеше турган деңгээлге жетти.

Өзгөчө Жогорку Кеңештин спикери болгону, ар тараптан бышты. Экинин юири болуп, өлкөнүн бир тизгинин чоюп отурат. Амбиция ойгонду. Учурда президент болсом деп дегдей баштады. КСДП Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолгондон бери ичи бышып, өз алдынча аламанга чыгып бактысын сынап көргүсү келип жатканы кеп болуп жатат.

Чыкча-чыксын да, өзгөлөрдөн эмнеси кем? Кадыры жагынан бир аз аксабаса, каражат жагынан кыйналбайт. Өз алдынча лидер катары көрүнгөнгө чоң мүмкүнчүлүк. Качанкыга дейре бирөөнүн этегин кармап жүрмөк эле?..

Булак: "Фабула"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549