www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мырзайым Айтимбетова: "Сүйүп калгам..."

Камчыбек Бостон 29-июнь 2017, 22:01

Маданият


Мырзайым Айтимбетова: "Сүйүп калгам..."

Кетпегеним, оюмдан чыкпаганым,
Кемтигимди көрбөгөн, укпаганым.
Сени бүгүн сагынып ыр жазайын,
Мени бүгүн түш көрүп укта жаным.

Эмне десең баарына кошуламда,
Эзилгениң көзүңдөн окуганда...
Түбөлүгүн эске алып бул сезимдин,
Түшүмбү деп кетемин чоочуганда.

Күмөнүм жок мен сени сүйүп калгам,
Күндөр өткөн булактай тунуп калган.
Кулап түшкөн жашыман аппак болуп,
Кусалыгым айрандай уюп калган.

Жаралуулар жанына кошот мени,
Жапысынан ойлордун бошот мени.
Калдалактап баратам максатыма,
Кандай тагдыр билбеймин тосот мени.

Кожоюну өзүң бол түнөгүмдүн,
Кокусунан жактырган күнөөлүүңмүн.
Өмүр өтүп кетпесин арман менен,
Өксүгөнү басылбай жүрөгүмдүн!!!

Автор: Мырзайым  Айтимбетова 
Булак: " NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83