www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элден калбай эки дос да аттанды

Перизат Кутманалиева 30-июнь 2017, 12:47

Коом Саясат Аналитика


Элден калбай эки дос да аттанды

Кыргыз саясатында «абысындар» атыккан Акундун уулу Турсунбек менен Бакирдин уулу Турсунбай дагы ажолук аламан байгеге камынып баштады. Акыйнеги түгөнбөгөн ажыке-акыйкатчылардын артында колдогон электораты эле эмес, акчасы дагы жок окшойт. Бакир уулу раматылык жубайынын унаасын сатам десе, Акун уулу үйүмдү күрөөгө коюп насыя алам деп жалпыга жар салды. Кыздын сыры төркүнүнө маалым болгондой, бул экөөнүн болгон дарамети, чама-чаркы жалпы кыргызга дайын эмеспи.

Албетте, аздыр-көптүр элге-журтка эмгеги сиңген, жалпы кыргыз тааныгын инсандар экенинде кеп жок. Бирок шайлоодогу шансы анча эмес экенин өздөрү деле эң сонун билишет эмеспи. Акчасын, убакытын текке кетиргенден башка эмне пайда табаарын түк түшүнө албадык.

Баса, Кубанычбек Апас, Акбаралы Айтикеев, Темирбек Асанбеков дегендерден кабар жок го?..

Булак: “Ачык саясат”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83