www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстан” убадасын унутту, өздөрү барбы деги?

Перизат Кутманалиева 30-июнь 2017, 13:01

Саясат Аналитика


“Кыргызстан” убадасын унутту, өздөрү барбы деги?

ЖКдагы 5 фракциянын бири – бул “Кыргызстан” фракциясы. Бул фракция “Бир бол” партиясы сыяктуу эле бийликтин колуна-бутуна жылуу суу куюп туруу ыкмасын тандап алган. Мурунку лидери Канат Исаев да айырм учурларда курч маселелерди көтөрүп калчу эле.

Азыркы лидери Алмазбек Баатырбековдун эмне кылып жатканы белгисиз. Лидер катары өзүн көрсөтө албай, же курч маселелерди көтөрө албай жүрөт. Исаев болсо өзүнө козголгон кылмыш иши менен алек. Ал эми партиянын кожоюну алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов “менин бизнесиме тийишпесеңер болду” деген позицияда.

Бул партиянын желегин желбиретип чыккандар шайлоо алдында элге укмуш убадаларды беришкен. Кыргызстанга 100 завод куруп салабыз, жаңы төрөлгөн балдарга 50 миң сомдон көрүндүк бердиртип салабыз, айтор, бейишке да бекер билет алып бермекчи болушуп, токтоно албай катуу оолугушкан.

Булак: "Багыт.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83