www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
12 жаштагы кыз туугандарынын колунан ажал тапты

Камчыбек Бостон 01-июль 2017, 09:21

Коом Дүйнө жүзүндө Кылмыш жана кырсык


12 жаштагы кыз туугандарынын колунан ажал тапты

 

Пакистандын уруучул башкаруу өкүм сүргөн Хайбер районунда 12 жаштагы кызды өз үй-бүлөсү өлтүрүп койгону кабарланды. Буга кыздын турмуш куруу максатында айылдаш бала менен качып кеткени себеп болушу мүмкүндүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ходахел айылынын тургуну делген Нагма аттуу кыз бир апта мурда үйдөн качып кеткен. Жергиликтүү полиция аны кармап, үй-бүлөсүнөн кыздын өмүрүнө коркунуч жаралбайт деген кепилдик алгандан кийин үйүнө жеткирип беришкен.

"Кыз 23-июнда үйдөн чыгып кеткен. 27-июнда өлтүрүлгөн болушу мүмкүн. Биз кыздын атасынын бир тууганын жана дагы бир кишини кармадык",-деп билдирди Хайбер районунун жергиликтүү бийлигинин өкүлү Нияз Мухаммад.

Пакистанда "намыс үчүн" кыздарды өлтүрүү көрүнүшү көп катталат. Өткөн жылы модель жана социалдык тармактардын таанымал колдонуучусу Кандел Балочту интернетке жарыялаган видеолору үчүн өз байкеси өлтүрүп койгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83