www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тамеки жана кальян эми өзүнчө жайда чегилет

Камчыбек Бостон 01-июль 2017, 11:31

Коом


Тамеки жана кальян эми өзүнчө жайда чегилет

Кыргызстанда коомдук тамактануу жайларынын ээлери тамеки чегүүчүлөр үчүн өзүнчө жай бөлүүгө милдеттендирилди. Мындай мыйзамга бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзамга ылайык, тамеки болгон талапты азайтуу үчүн баасын жөнгө салуу чаралары да аныкталган.

Атап айтканда, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодексте, соода жайларында тамекини чекене түрдө соодалоодо өкмөт аныктаган баадан төмөн сатканы үчүн администрациялык жоопкерчилик каралган. Бул ченемди бузганы  үчүн 20 минималдык көрсөткүч өлчөмүндө айып салынып, тамекилер конфискацияланып алынат. Ал эми бул жоопкерчиликти көзөмөлдөө укугу сот жана салык органдарына берилет.

Андан тышкары, коомдук тамактануу жайларында тамеки, кальян сыяктуу чылымдарды чегүүгө өзүнчө бөлүнгөн жайда гана уруксат берилет.

Бул мыйзам талаптары расмий жарыялангандан күндөн үч айдан кийин күчүнө кирет.

Булак: "NazarNews.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83