www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көрүстөнгө көмүлгөндөн кийин тирилип, үйүнө кайтып келген кыз

Камчыбек Бостон 03-июль 2017, 01:33

Дүйнө жүзүндө Коом


Көрүстөнгө көмүлгөндөн кийин тирилип, үйүнө кайтып келген кыз

Бул окуя Англиядагы шаарлардын биринде болуп өттү. 26 жаштагы Эрика аттуу кыз кезектеги көйнөгүн тигип жаткан учурда бир топчуну оозуна кыстарып алып, энесинин суроолоруна жооп берип, сүйлөшүп олтурган. Анан эле кокустан топчу тамагына кетип калат да, кыз күтүлбөгөн жерден кызыктай үн менен жөтөлө баштаган, деп кабарлайт  interesnovsem.info сайты. Туугандары эмне болуп жатканын түшүнүшпөй, дүрбөлөң  башталат. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Эриканын жүрөгү токтоп, эсин жоготот. Тигүүгө керектүү нерселер менен чачылган топчуларды көрүшкөндөн кийин гана анын жакындары эмне болгонун түшүнүшкөн. Топчу анын трахеясына такалып калгандыктан, кычкылтек жетпей калган.

Эрика дароо көгөрө баштаган, бирок оорукана үйдөн өтө алыс жайгашкан эле. Аны ооруканага алып барышканда дарыгерлердин колдорунан кыздын өлүмүнүн себебин аныктагандан башка эч нерсе келген эмес. 26 жаштагы Эрика топчуга муунуп каза тапкан. Эртеси күнү анын жаназасын пландаштырылып, даярдана башташат. Эриканы өздөрүнүн каада-салттарына ылайыкташтырып, сулуу кылып кийиндирип, колуна өзүнүн сүйүктүү шакегин салып көмүшөт. Сөөк коюлгандан кийин аза күтүү күнү болгон. Ата-энеси бир нече убакыт өткөндөн кийин бирөөнүн эшикти  тыкылдатып жатканын угушкан... Өзүнүн аза күтүү күнүнө кечээ гана көмүлгөн кыз келген. Үстү кир болгон Эриканы көргөн туугандары таң калышып, коркуп кетишкен. Бир аз тамактанып, күч жыйнап алгандан кийин өз башынан өткөн окуяны айтып берген. Анын айтымында, өзү жутуп койгон топчу тамырын толук жапкан эмес, тешик аркылуу мээсине кычкылтек барып, ал тирүү калган. Бирок, жүрөктүн согушу жайлап калгандан кийин өзүн жоготуп койгон.

Эрика айланасындагы болуп жаткан окуялардын баарын билип, угуп жаткан. Бирок, эч нерсе кыла алган эмес. Анын колундагы алтын шакекке кызыккан уурулар болбогондо, ал көз жумат эле. Түндө алар келип Эриканын мүрзөсүн казышып, шакегин чечип алышкан. Көйнөгүн дагы алып кеткилери келген уурулар аны оодарган кезде жутуп койгон топчу атып чыгып, кыз дем алып, ойгонуп кеткен. Эки ууру ошол жерде жүрөктөрү жарылып каза болушса, калган экөөсү кийин кармашып, сот жообуна тартылышкан.

Булак: "chabarman.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83