www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында Татарстанда кыргыз жарандары жок

Камчыбек Бостон 02-июль 2017, 21:39

Кылмыш жана кырсык Дүйнө жүзүндө


13 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында Татарстанда  кыргыз жарандары жок

Татарстандын Заинск районунда күйүүчү май ташыган унаа менен жүргүнчүлөрдү алып бараткан автобус кагылышып, кырсыктан 13 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маалыматтарга ылайык, каза болгондордун ичинен экөө жаш балдар. Учурда түрдүү жаракаттар менен ооруканада 12 адам дарыланууда. Татарстандын тергөө комитети катталган кырсык боюнча кылмыш ишин козгоп, анын себептерин изилдеп жаткандыгын билдирди. Маалыматтар боюнча күйүүчү май ташыган унаа менен кагылышкан автобус оодарылып, күйүп кеткен. Окуя болгон жерге ондон ашык техника 30дан ашык куткаруучулар тартылган. Самара-Ижевск багыты боюнча бараткан автобустун ичинде айдоочусу менен 28 адам болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Жол кырсыгы 1-июлдан 2-июлга караган түнү болгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83