www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмамбет Шыкмаматов: “Бабановдун Кыргызстанды алты жылда өнүккөн он мамлекеттин бирине айлантам дегенин утопия деп эсептейм”

Перизат Кутманалиева 03-июль 2017, 10:19

Аналитика Коом Саясат


Алмамбет Шыкмаматов: “Бабановдун Кыргызстанды алты жылда өнүккөн он мамлекеттин бирине айлантам дегенин утопия деп эсептейм”

1-июлда борбор калаада өткөн жыйында парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого ат салышарын расмий жарыялады. Жыйын жүрүшүндө ал адатынча тоодой убадаларды бергенге да үлгүрдө. Бирок, анын курулай убадаларына, асыресе, жакынкы аралыкта Кыргызстанды өнүгүп бараткан 10 өлкөнүн катарына кошом дегенине коомчулук ишенбей туру.

Маселен, ошол эле жыйынга катышкан “Ата Мекен” фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттык” радиосу аркылуу мындай кургак сөзгө ишенбей турганын билдирди. Анын айтымында, кыска аралыкта мамлекетибизди өнүктүрүп жиберүү кыйын. “Парламенттик шайлоодо деле парасыз жолдор, жети пайыздык насыялар деп көп эле убадаларды берип келген. Ошол сыяктуу биздин элге ушундай жакшы, кооз убадалар майдай жагары көрүнүп турбайбы. Жанагыдай биз алты жылда өнүккөн 10 мамлекеттин катарына киребиз десе эл дуулдап колдоп жатат. Бирок мен саясатчы катары, реалист катары алты жылда өнүккөн он мамлекеттин бирине айланууну утопия деп эсептейм”, — дейт ал.   Булак: "Багыт.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83