www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанды жамандап жазмайынча моокуму канбаган Андрей Грозин Казакстандын “тыңчысыбы”?

Перизат Кутманалиева 03-июль 2017, 10:38

Саясат Коом Аналитика


Кыргызстанды жамандап жазмайынча моокуму канбаган Андрей Грозин Казакстандын “тыңчысыбы”?

Андрей Грозин аттуу саясат таануучу бар. Кесиби боюнча тарыхчы. Бирок, жогорку окуу жайды аяктагандан бери карай эле маалымат берүү жаатында, тагыраагы, саясат таануучу катары эмгектенип келет. Дал ушул каарманыбыз ар бир макаласында Кыргызстанды жамандамайынча жаны жай албайт. Себеби, эмнеде? Ой жүгүртүп көрөлү. Алгач Андрей Грозиндин өмүр таржымалына кыскача токтололу.

Ал 1967-жылы Россия Федерациясында туулуп, 1995-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетин аяктаган. Ошол эле жылы Казак Республикасынын маалымат министрлигине башкы адис катары кызматка алынган. 1999-жылы ошол эле министрликтин Казакстан жана Орто Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы болгон. Бул кызматта 2013-жылга чейин иштеп, андан бери Москва шаарындагы КМШ мамлекеттери Институтунун “Страны СНГ” аттуу бюллетенинин башкы редактору болуп келет.

Албетте, бул адамдын кандай кесипти аркалап, эмне жумуш кылаары анчейин деле кызыктыраарлык көрүнүш болбойт эле, эгерде ал маал-маалы менен Кыргызстандын ички саясатына алыстан туруп алып “анализ” берип, бир беткей сын пикир айтып келбегенде. Жакында эле эркин басылмалардын бирине анын “Ар дайым президенттик кызмат А.Атамбаев үчүн чоңураактай сезилип келген” деген темада маеги жарык көрдү. Ал бул маегинде Атамбаевге дайыма сын көз караш менен карап келгенин, ал үчүн президенттик кызмат чоңураактай болуп калаарын айтканын, анан дагы КСДПнын талапкери болуп аткан С.Жээнбеков Атамбаев сыяктуу эле вариант болуп калат деген сынын айткан.

Сын айтса айтсын, ал өзүнүн иши. Бирок, бир тараптуу сын айтуу – сын болбой эле, кимдир бирөөнүн камчысын чабуу болуп калат эмеспи. Президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылы эле жалпы кыргызстандыктардын колдоосу менен президент болуп шайланган.

Демек, элдин ишеними – анын татыктуу экендигин далилдейт. Экинчиден, учурда өкмөттү башкарып аткан С.Жээнбековдун талапкерлигин да эч кандай негизсиз сынга алганын кандай түшүнсө болот? С.Жээнбеков мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин басып өткөн тажрыйбалуу жетекчи. Өзүнүн жетекчилик сапатын ал пиар аркылуу эмес, жасаган иши аркылуу тастыктап келет.

Эң башкысы – А.Грозин өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргызстанга бир гана жолу 2013-жылы келип кеткен, ошондо да болгону эки гана күн болгон. Анан өлкөбүздүн ичиндеги жашоо менен ичинен таанышпай туруп, биздин ички саясатка, кырдаалга баа берүүгө болобу? Экинчиден, А.Грозин Кыргызстандан тышкары Тажикстандын бийлигин да дайыма сынга алып келет. Аталган өлкөнүн башчысы Э.Рахмонду дайыма тескери жагынан көрсөтүүгө тырышат.

Анын кайрадан президент болуп шайланышын да “күч менен эле болуп алды” дегендей маанайда “анализдеген”. Бирок, эмнегедир Казакстан бийлиги тууралуу таптакыр ооз ачпайт. Мына ушундан улам: “А.Грозин Казакстандын “тыңчысыбы?” деген суроо туулат. Эгерде кандайдыр бир маселенин тегерегинде анализ жүргзсө, анда бир-эки эле мамлекеттин ички саясатына басым жасай бербей, башкаларына деле көңүлүн бурат эле го.

Булак: "Мантыш"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83