www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аракетин эртелеткен Аргенбаевич

Перизат Кутманалиева 03-июль 2017, 10:54

Саясат Коом Аналитика


Аракетин эртелеткен Аргенбаевич

Темир Сариев деген ысым акыркы бир жылда эң көп айтылган ысымдардын алдыңкы катарынан орун бербей келет. Темир мырзанын мынча “пиар” болушу анын соттолуп же оттолуп, морадер же коррупционер болушунан улам эмес. Анын аракети, иши, элге кылган мээнети анан да өзүнүн бышып жетилген саясатчы болгондугунан улам Сариев деген ысымды азыр ар бир кыргызстандык жакшы маанайда оозанып туру.

Ырас, ажо жарыш жакындап келет. Элге анча-мынча төбөсү көрүнгөндүн баары эле ажо болгусу келип жатат. Алды жарыштын тилкесие эмитеден эле туруп алышты. Чуркоону гана күтүп. Маселен, мурунку өкмөт башчы Темир Сариев быйыл боло турчу президенттик шайлоого катыша тургандыгын ачык айтып, эрте, атургай өтө эрте аракет жасап келет. Аныгында, Темир Аргенбаевичтин президент болуу амбициясы быйыл эле ойгоно калган жок, президент болуу кыялы тээ илгертеден бар.

Эске сала турган болсок, Темир мырза 2009-жылы болгон президенттик шайлоого катышкан жайы бар. Деген менен Сариев ажо болобу, болбойбу ал Кудайдын колунда, тагдырдын иши. Кантсе да эл жүгүн көтөрөм дегендердин катары калыңдап турса эмнеге болбосун?

Булак: "Де-факто"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83