www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өз фракциясына шаасы келбеген Төрөбаев өлкөнү кантип башкарат?

Перизат Кутманалиева 03-июль 2017, 14:23

Саясат Коом Аналитика


Өз фракциясына шаасы келбеген Төрөбаев өлкөнү кантип башкарат?

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы 27-июнда курултай өткөрүп, партия лидери Бакыт Төрөбаевди президентикке көрсөттү. Төрөбаев учурда 44 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты. Бакыт мырза жетектеген «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Жогорку Кеңеште 13 депутаты бар. Бирок фракция ичинде ыйкы-тыйкы күчөп, ынтымак ыдыраган. Төрөбаевдин баарын бир муштумга бириктирип кармаганга шаасы жетпей калды. Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров, Зиядин Жамалдиновдон башкасы жүз буруп кетишти.

Учурда анын баары Сооронбай Жээнбековго иштешүүдө. Мындан улам, бир ууч фракциясына кадыры жок болуп, башкара албай жаткан Төрөбаев кантип мамлекет башкарганга дарамети жетмек эле деген сөздөр айтыла баштады.

Айрымдар бир кезде «Республика» партиясы менен депутат болуп келгенде Өмүрбек Бабановдун «далысына бычак сайып», 4 депутат менен өзүнчө «Өнүгүү» деген топ түзүп, фракциянын ынтымагын кетирип бөлүп-жарды эле, эми ошол «куйтулук» иши өз башына муш болуп тийип отурат деп табалары канууда. Көрсө, «бирөөгө op казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн» деп таасын айтылган тура…

Булак: “Фабула”


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83