www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талапкерлер кандай пиарларды колдонушат же шайлоо алдында кантип алданабыз?

Перизат Кутманалиева 03-июль 2017, 16:09

Аналитика Коом


Талапкерлер кандай пиарларды колдонушат же шайлоо алдында кантип алданабыз?

Шайлоо алдында пиар компаниялар ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен шайлоочуларга психологиялык таасир калтырышат. Мындан улам талапкердин шайлоодон утуп кетишине шарт түзүлөт. Дүйнөдө элдин көңүлүн өзүнө бурган кандай пиарлар колдонулуп келет?

Бактылуу үй-бүлө

Шайлоого аттанган депутат же президент элге жакшы гана тарабын көрсөткөнгө аракет кылат. Ал үчүн буга чейин жашырып жүргөн үй-бүлөсүн колдонушу да мүмкүн. Газета, телевидение же социалдык тармактар аркылуу үй-бүлөсү менен сейилдеген, эс алган, чогуу тамактанган сүрөттөрүн, видеолорун жүктөп бактылуу үй-бүлөнү чагылдырат. Бул өз кезегинде шайлоочуларга мээримдүү ата катары жакшы таасир калтырып, шайлоо учурунда ага пайда алып келери шексиз. Бул ыкманы бардык талапкерлер, алардын ичинен Американын экс-президенттери өтө көп колдонушкан.

Балдарга кам көрүү

Шайлоо алдында элге психологиялык таасир калтыруунун дагы бир ыкмасы - жаш балдарды колдонуу болуп саналат. Кандидаттар бала бакча, мектептерге барып, аларга көңүл бура башташат. Муну менен алар жаш балдарга жакындыгын, сүйүүсүн көрсөтүүгө аракет кылышат. Мындан улам шайлоо алдында жаш балдарды көтөрүп, өөп же алар менен ойноп сүрөт тарткан талапкерлер жок эмес. Балдарга болгон жакшы мамилесин көрсөтүү менен айым шайлоочулардын колдоосуна ээ болушат. Анткени айымдар балага жакын эркектерди жактырышат.

Сурамжылоо

Шайлоо алдында жалпыга маалымдоо каражаттары же талапкердин пиар компаниясы кайсы талапкер жеңерин сурап, эл арасында сурамжылоо өткөрөт. Анын натыйжасында алдыга озгон талапкер жыйынтыгын өз пайдасына колдонот. Бул ыкма Европа өлкөлөрүндө көп колдонулуп келген. Бирок анын натыйжасы ийгиликтүү болору талапкердин өзүнөн. Анткени 2012-жылы Германиядагы шайлоо алдында Ангела Меркель сурамжылоодон алдыда болгону менен шайлоодон жеңилип калган. Учурда бул ыкманы бизде Өмүрбек Бабанов колдонуп жатканын социалдык тармактардан жана башка басылмалардан байкасак болот. Кыргызстанда өткөн сурамжылоонун натыйжасына таянып: “Бабанов 80% элдин колдоосуна ээ”, - деп чыгарууда.

SMS-технологияны колдонуу

Америка жана Батыш өлкөлөрүндө телефон аркылуу СМС алып жаңылыктар менен кабардар болуу үчүн жазылууга чакырышат. Ага жазылган телефон колдонуучулар акысыз сүрөт, видео, музыка жүктөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун айтышат. Буга карап жазылып алган шайлоочулардын телефонуна күн сайын талапкердин кылган иштери, сүйлөгөн сөздөрү, куттуктоолору СМС менен келип турат. Күн сайын бир адамдын жакшы жактарын окуп отуруп, ал талапкердин колдоочусуна айланып калышканын шайлоочулар өздөрү да байкабай калышкан. Бул ыкманы Барак Обама шайлоо алдында ийгиликтүү колдонгон. Кийин Хиллари Клинтон дагы колдонуп, бирок ийгиликке жетише алган эмес.

Ушактарды колдонуу

Талапкерлер шайлоо алдында өзү кылган жакшы иштерди мактанып айтып отурбастан, үчүнчү булак тарабынан ушак катары жайылтат. Бул позитивдүү ушак катары жайылса, анын негативи дагы болот. Мында талапкер атаандаштарынын терс сапаттарын, жаман иштерин чукуп чыгып, аны ушак кылып жайдырат. Мындай ыкмалар дээрлик бардык өлкөлөрдө колдонулат. Алсак, Казакстандагы парламенттик шайлоо алдында: “Өлкөнүн президенти кызы менен урушуп кетти, кызынын партиясы эмне болот?” - деген ушак тараган. Кийинчерээк президент кызы менен эч кандай чыр-чатакка барбаганы аныкталган. Бул тууралуу маалымат булактары: “Кызынын партиясын таанытып, алдыга чыгаруу үчүн уюштурулган пиар”, - деп жазып чыгышкан.

Кол салуу

Саясаттагы аты таанымал адамдарга жөнөкөй жарандар тарабынан кол салуулар болгонун угуп калабыз. Көрсө, кол салууну атайын уюштуруу дагы шайлоо алдындагы пиардын түрү болуп саналат экен. Интернет колдонуучулар жана блогерлер бул ыкманы көбүнчө Россиянын президенти В. Путин колдонорун белгилешкен. Алсак, 2012-жылы орус каналдарынын бардыгынан: “Одессада Путинге кол салуу болду”, - деп беришкен. Ал эми бул учурда өлкө башчы Москвада болгону аныкталган. Ушул эле ыкманы Украинадагы депутаттык шайлоо учурунда бир талапкер колдонгон. Ал элге чыгып сүйлөп жаткан кезде студент бала жумуртка менен бетине урган. Милиция кызматкерлери баланы кармап кетип жатканда, талапкер студентти кечиргенин, анын али жаш экенин белгилеп коё беришин талап кылган. Мындай ыкма менен элдин колдоосуна ээ болгон.

Курулуштарга баруу

Талапкерлер элдин колдоосуна ээ болуу үчүн эмнени гана кылышпайт. Алар элге жакын экенин билдирүү үчүн шайлоого аз калганда элди кыдырып, ар түркүн жолугушууларды уюштуруп башташат. Булардын ичинен эң натыйжалуусу - оорукана, мектеп жана башка социалдык имараттардын курулуш иштерине катышуусу, иштин абалы менен таанышуусу болуп саналат. Бул өз учурунда талапкерге болгон элдин ишенимин пайда кылат. Башкача айтканда, курулуштарга кызыккан талапкер келечекте мындай курулуштарды курууга колдоо көрсөтөт экен деген ойду калтырат. Украинада депутаттык шайлоо алдында, талапкерлер массалык маалымат каражаттарына байма-бай чыгып өздөрүнүн пландары менен тааныштырып жүргөн кезде, Александр Дудка аймактарды кыдырып жаңы курулуштар менен таанышып, аларга колдоо көрсөтөрүн билдирген. Бул ыкмасы атаандаштарынан айырмаланууга жеткирген.

Эмоциясын көрсөтүү

Талапкерлер шайлоочуларга таасир калтыруу үчүн эмоциясын колдонгон учурлар да кездешет. Ар түркүн иш-чараларга катышууда, ири кырсыктар болгондо көңүл айтууда же түз эфир аркылуу ыйлаган саясатчылар болгон. Саясатчынын ыйлаганын көргөн көрүүчү аны өзүнүн боюн көтөрбөгөн жөнөкөй адам катары кабыл алып, ага болгон мамилеси жана көз карашы өзгөрөт.

Булак: "lady.kg"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83