www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттике талапкерлердин саны жана сапаты

Камчыбек Бостон 04-июль 2017, 07:02

Саясат


Президенттике талапкерлердин саны жана сапаты

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн аныктап, расмий иш чараларга уруксат берилгенден тарта өлкөдө шайлоо темасы кызыды. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен эрежеге ылайык учурда талапкер жылдыруу жараяны гана жүрүп жатат. Азыркы учурга карата президенттикке ат салышууну каалагандардын санын жана сапатын көрүп, бул шайлоо деле мурдагылардан ашып гана түшпөсө, кем калчудай эмес деген пикирге келесиң. 15 күндүн ичинде жылдырылгын талапкерлердин саны 11ге жетти. Алардын арасында ар кандайы бар, саясат айдыңында белгилүүсү, белгисизи, укук коргоочусу, ишкери, буга чейин бир нече жолу талапкер болгону, биринчи жолу чыгып жатканы. Шайлоо алдында бир көрүнүп талапкерлигин коюп, шайлоодон кийин ың-жыңсыз болгондору да кайра пайда боло баштады. Баарынан кызыгы талапкер жылдыруу жараяны 1-августка чейин, демек дагы бир айга жакын убакыт жүргүзүлөт. Андыктан талапкерлердин саны мурдагы шайлоолордогудай 100гө жакындайбы деген да тобокелчиликтер бар. Мыйзам жол берет, ат салыша беришсин деңизчи, бирок талапкерлердин саны боюнча дүйнөдө рекорд коюп, эки кулач бюллетень көтөрүп жүргөнүбүздү элестетсеңиз.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83