www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда Кыргыз жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштеп калышы мүмкүн

Камчыбек Бостон 04-июль 2017, 09:39

Коом Миграция


Орусияда Кыргыз жарандары улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштеп калышы мүмкүн

Депутаттар Кыргыз жергесинде орус тили расмий тил болгондуктан, Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөгө уруксат берүү тууралуу кайрылуусун даярдашканын Риа Новости басылмасы жазып чыкты.
КМШ өлкөлөрүнүн иштери боюнча Мамлекеттик думанын комитети Орусиянын президенти Владимир Путинге Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде жеке ишкерлик менен алектенүү укугун берүү маселесин карап чыгуу тууралуу кайрылууну даярдап, аны кароого төмөнкү палатага киргизди.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштегендер жумушка чыга албай калышкан.
"Чет элдик жарандарга транспорт каражаттарын башкаруу менен байланышкан ишкердигин жүргүзүүгө тыюу салуунун зарылдыгы орус тилин билбегенден улам чыккан. Бул федералдык мыйзам Кыргыз жарандарына да тиешелүү болуп жатат", - дешет авторлор. Алар Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясында орус тили расмий тил катары көрсөтүлгөнүн баса белгилешкен.
"Бул жобо Кыргыз жарандары орус тилин жакшы билеринен, жол кыймылынын эрежелерин окууга мүмкүн экенинен кабар берет", - деп жазышкан кайрылуунун авторлору.
"Жогоруда жазылгандарды эске алып, депутаттар сизге, урматтуу Владимир Владимирович, Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде жеке ишкерлик менен алектенүүгө укук берүү маселесин кароону өтүнөбүз", - деп жазышкан кайрылуусунда депутаттар.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83