www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буту-колу тушалган Сулайманов…

Перизат Кутманалиева 04-июль 2017, 16:11

Саясат Коом Аналитика


Буту-колу тушалган Сулайманов…

“Бир Болдун” лидери Алтынбек Сулаймановду өткөн Жогорку Кеңештин чакырылышында “чоң муштум” катары билсек, бул жолкусунда эл ырыскысына кол салгандардын коргоочусу катары таанылды. Дегенибиз, чылгый “коррупционерлерди” депутат кылып алып келгени аз келгенсип, аларды “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” камкордук көрүп келет.

Алсак, фракциясындагы коррупцияга шектелген Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов, Исхак Пирматовдор жоопкерчилик, мыйзам барын түк сезишпей жүрүшкөнү элдин кыжырын кайнатууда. Ошондуктан Сулайманов “жеп-ичкичтерге” эмес, элге ошондой камкордук көргөндө бали дейт элек.

Өкүнүчтүүсү Алтынбек мырза айланасындагы колу туткактарды коргойм деп жатып, бир дагы калыс, адилет пикир айтканга жарабай, “бийликке” таптакыр жатып берди. Жигит андай болбошу керек да…

Булак: "Фабула"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83