www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Дайыр Исмадияров өзбек элинен ыр уурдаганбы?

Гүлжан Шерипбаева 04-июль 2017, 20:51

Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар


Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар: Дайыр Исмадияров өзбек элинен ыр уурдаганбы?

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз жылдыздуу ырчы мырза Дайыр Исмадияров. Дайыр азыркы учурда баштагы аракетчилдигинен тайып, чыгармачылыгы менен олуттуу алек болбогондой. Себеби, жаңы ырларын көп тыңдабай, клиптерин көрбөй калдык. Ал эми бул рубрикабызда ырчы мырзанын “Маскарапоз” аттуу ыры тууралуу кеп кылмакчыбыз. Бул чыгарманы Дайыр 2015-жылы жаздырып, клиби менен бирге коомчулукка тартуулаган. Бирок, бул ырдын плагиат экенин көпчүлүк биле бербейт. Анткени, Дайыр ырдын обону “Эдил Маматов” деп жар салган. Кыязы, ырчы мырзабыз уурдалган ырларынын ачыкка чыгып калышын ойлонгон эмес окшойт...

Ырдын түпкү нускасы өзбек элине таандык. Авторлору Омад Сайод жана Юлия Берн. Чыгарманы 2013-жылы “Радио” тобу “Масхарабоз” аталышында жаздырып, 2014- жылы клибин жарыкка чыгарышкан. Дайыр мырза өзбек элинин ырын эле эмес, клиптин идеясын, кыскасы толугу менен авторлордун уруксаатсыз уурдаган экен.

Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Маржан Даулетова, NazarNews.kg

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549