www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айгерим Токтоналиева "Мен Манас угуум керек!"

Камчыбек Бостон 06-июль 2017, 09:23

Маданият


Айгерим Токтоналиева "Мен Манас угуум керек!"

Мен Манас угуум керек! 
Кагылып добулбастар,
Жаңырып аска-таштар.
Айтылат Манас  мына.
Акырын!
 Тыңша! 
Үн катпачы!
Мен аны угуум керек,
Андагы ар бир сапка
Кошулуп туруум керек. 
Көзүмдү жумуп анан 
Саякбай,  Сагынбайдай, 
 Тарыхты бир барактап чыгуум керек. 
Айтылат Манас мына,
Асманда күн күркүрөп,
Мамыда  ат  күрсүнөт.
Коё бер ошол атты, 
Кыдырсын кыргыз тоосун. 
Бабалар изин басып,
Ала-Тоо  ашып, 
Кандырсын көздүн жоосун.
Кол чаппа! 
Алаксытпа! 
Айтылсын азыр Манас,
Каректи жаштап өтсүн,
Кошулуп  жамгыр төксүн,
Эркиндик эр таймашы элестелип,
Жүрөгүм жарылчудай бир солк этсин. 
Жаңырсын Манас! Манас! Манас! 
Жар салып чоң казатты,
Жар салып каада-салтты.
Унутпай жүрсүн үчүн 
Кечээки канча азапты...
Токтобой дагы улансын,
Жан дүйнөм толукталсын,
Күнү-түн Манас тыңдап ,
Кычуусу кулагымдын толук кансын! 
Акырын!
Үн катпачы!
Мен аны угуум керек,
Андагы ар бир сапка
Кошулуп туруум керек.

Автор: Айгерим Токтоналиева

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83