www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө элдеринин жүрөгүн элжиреткен "Үмүттүн колу"

Перизат Кутманалиева 06-июль 2017, 13:17

Фоторепортаж Дүйнө жүзүндө Коом


Дүйнө элдеринин жүрөгүн элжиреткен "Үмүттүн колу"

1999- жылы төмөндөгү окуя дүйнө элдерин таңгалдырган. АКШда боюнда бар аял узиге тартылып жатканда ак халатчандар ага баласы жүлүнүндөгү тубаса кемтик менен төрөлөт деген диагноз коюшкан.

Ал оору менен бала эч убакта өз алдынча олтура да баса да албайт болчу. Хирургдар алгачкы ирет болуп көрбөгөн дүйнө жүзүндөгү оор операцияны хирургдар тобокелдикке салуу менен жасаган. Операцияны энесинин жатынында жасшкан. Кудайдан болуп операция ийгиликтүү аяктаган.

Ошол эле учурда күтүүсүздөн дүйнө элинин жүрөгүн элжиреткен окуя болуп кеткен. Ак халатчандар жатынды кайра ордуна келтирүүгө аракет жасап жатканда, жатындан кичинекей түйүлдүктүн колу чыгып ак халатчандарга ыраазычылык билдиргендей колдорун кыса кармаган. Ошол сүрөт ааламды кыдырып жүрөктөрдү жакшылыкка үндөп "Үмүттүн колу"деген аталыш алган.

Эми ошол ымыркайдын тагдыры баарына кызык болсо керек. Операция ийгиликтүү болуп Александер Армас 2 декабрда 1999-жылы жарык дүйнөгө келген. Азыр болсо Александер Армас 18 жашка толду. Билинээр билинбес ден соолугунда көйгөйлөрү болбосо  Александер Армасты бактылуу инсандардын катарына толугу менен кошсо болот.

Ал азыркы учурда биринчи ийгиликтерди багындырып баскетболдогу жеңиштери менен мактанса болчудай.

Мына достор жашоо кызытарга бай эч убакта "Үмүттүн колун" айланаңардагыларга сунганды унутпагыла! Бактылуу жашоону куруу өзүбүздөн экенин эсибизден чыгарбасак.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549