www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турсунбек Акун “президент боломун”,  деп тыртаңдады

Перизат Кутманалиева 06-июль 2017, 23:41

Кыска-нуска Саясат


Турсунбек Акун  “президент боломун”,  деп тыртаңдады

Акыйкатчылык орунду астейдил талашкан Турсунбек Акун президенттик шайлоого аттанды. Бизге берген маалыматына караганда аялы менен урушуп атып, үйүн күрөөгө койгон. Турсунбек  Акун менен болгон “Кыска нуска” маекти Сиздерге сунуштайбыз.

-Саламатсызбы үйүңүздү күрөөгө коюп президенттикке аттандыңызбы?

-Ооба, акчам жок болсо эмне кылайын, жеңеңер урушуп жатат...

-Эгерде президент болбой калсаңызчы?

-Ким айтты сага? Болом эмнеге болбоймун. Сага Сариев же Бабанов болуш керекпи? Келдибеков барбай калса эле ошенте бересиңби?

-Президенттикке өтпөйсүзда...Акчаңыз күйүп кетпесин деп...

-Анда ким өтөт? Мен өтөм, элдин баары колдойт. Мен ага ишенемин. Үзөңгү кууш менен Каркыраны кайтарып аламын.

-Экөөн тең кайтарып ала албайсызда. Анткени колуңуздан келбейт. Ачуу чындык. Эл демек мени колдойт деп атасызбы?

-Колдойт, мен ишенем. Президент болом. Жолдорду оңдош керек. Иш көп.

-Каражатты кайдан аласыз?

-Табам да акча.

-Демек бай турбайсызбы?

-Табамда бир жактан, эмне кыласың аны сурап. Жакшы жактарымды жаза бер?

-Азыр билесиз элдер ачык сүйлөп калган коркуу сезим жок, эртең президент болуп калсаңыз, “Турсунбек кетсин” деп митингке чыкса эмне кыласыз?

-Эмнеге чыгат, чыкпайт митингке, ким айтты чыгат деп. Алар мени шайласа митингке чыкпайт да.

Эске сала кетсек, президенттик шайлоого катышуу үчүн 16 талапкер арыз берди.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549